МЕНДЕЛЬ ЗАКОНДОРУ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕНДЕЛЬ ЗАКОНДОРУ - тукум куума белгилердин укумдан тукумга берилиши жөнүндө эрежелер. Бул закондорду Г. Мендель 1866-жылы сунуш кылган, бирок илим аны 1900-жылы гана баалаган. Мендель өзүнүн тажрыйбасында буурчактын бир гана таза белгиси бар түрдүү сортторун бири-бири менен аргындаштырып, аргын муунда аталык жана энелик белгилердин кандай катышта кездешкенин эсептеген. Мунун негизинде өзүнүн үч законун ачкан. Биринчи муундун гибриддеринин окшоштугу же Менделдин 1-закону - бир белгиси боюнча (сары же жашыл түстөгү буурчакты) айырмаланган туруктуу формаларды аргындаштыруудан алынган бир муундун тукуму, бул белги боюнча бирдей фенотипке (сары түскө) ээ. Мында бардык гибриддер тажрыйбада көрсөтүлгөндөй ата-эненин бирөөсүнүн фенотибине (толук доминанттык) же кийин байкалган аралык фенотипке (толук эмес доминанттык) ээ. Мындан ары биринчи муундун гибриддеринде ата-эненин экөөнүн тең белгилери байкалышы (кодоминанттуулук) мүмкүн экендиги далилденди. Бул закон ар кандай аллелдери боюнча эки гомозиготалуу организмдерди (АА жана аа) аргындаштырууда, алардын бардык тукумдары генотиби боюнча бирдей (гетерозиготалуу - Аа). Ажыроо закону же Менделдин 2-закону - биринчи муундун гибриддерин өз ара аргындаштырганда экинчи муунда белгилүү катышта биринчи муундун гибриддеринин жана алгачкы атаэненин фенотиптерине ээ особдор келип чыгат. Мисалы, толук басымдуулук кылган особдордун 75% и доминанттык, ал эми 25% и рецессиялык
белгилерге ээ болот. Толук эмес басымдуулук кылууда жана кодоминанттуулукта экинчи муундун гибриддеринин 50% и биринчи муундун фенотибине жана 25% и алгачкы ата-эненин фенотиптерине бөлүштүрүлөт. Белгилердин көз карандысыз тукум куушу же Менделдин 3-закону боюнча альтернативалуу белгилердин ар бир жубу бир катар муунда бири-бирине көз карандысыз болуп, натыйжада экинчи муундагы организмдер арасында белгилүү катыштагы жаңы белгилерге (ата-энесиникине салыштырмалуу) ээ особдор пайда болот. Мисалы, эки белгиси боюнча айырмаланган алгачкы формаларды аргындаштырууда экинчи муунда (толук үстөмдүк кылган учурда) төрт фенотиптүү особдор келип чыгат. Мында эки фенотип «ата-энелик», ал эми калган экөө жаңы белгилерге ээ болот. Бул закон бир нече жуп гомол. хромосомалардын көз карандысыз ажырашына негизделген.