МЕЛЕТИНСКИЙ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЛЕТИНСКИЙ Елеазар Моисеевич (22. 10. 1918, Харьков - 16. 12. 2005, Москва) - орус совет адабиятчысы, фольклорчу, мифолог. Москвадагы Философия, адабият жана тарых институтун бүтүргөн (1940). Дүйнө элдеринин мифологиясын, жомокторун жана баатырдык эпосторун тарыхый салыштырма методдо изилдеген. Эмгектеринде түрк элдеринин эпостору, анын ичинде «Манас» да кеңири талдоого алынган. М. - «Манаста» чагылдырылган окуялардын тарыхый негизин кыргыздар менен кара кытайлардын (кидандардын) ортосундагы кагылышуу түзөт деген бүтүмдү советтик фольклористикада алгач айткандардын бири. «Манастын» жанрдык стадиялык өзгөчөлүгү, түрк-моңгол эпикалык чыгармачылыгындагы тарыхый орду «Киргизский эпос о Манасе» (История всемирной литературы. Т. 3. М., 1985) аттуу
эмгегинде да каралган. «Мифтин поэтикасында» мифологиянын заманбап теорияларын иликтеп, мифтин көөнө мотивдеринин көркөм чыгармачылыкка тийгизген таасирин талдайт. АрхаикалЫк мифтерде алтай түрктөрүнүн шаманчылыгын изилдейт. СССР мамлекеттик сыйл. лауреаты 1990.