МЕЛЁНТЬЕВ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛЁНТЬЕВ Александр Реммович (26. 6. 1954- жылы туулган, Пенза ш.) - спортчу, пистолеттен ок атуу боюнча дүйнөнүн рекордсмени. Эл аралык класста­гы спорт чебери (1978), СССР спортунун чебери (1971),

СССР спортуна эмг. сиң. чебер (1980). КМДТИнг бүтүргөн (1984). Ок атуу спорту боюнча 1969-жылдан машыккан. 1975-жылдан СССРдин курама команда­сынын мүчөсү, 22-Олимпия­лык оюндардын чемпиону (1980, Москва), СССРдин, Европанын жана дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону, СССР элдеринин спарта­киадасынын жеңүүчүсү. Чондор арасында ок менен таамай атуу боюнча Европанын чемпионатында күмүш (1980), алтын (1981) медалдарды алган.