МЕЛЕЖ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕЛЕЖ Иван Павлович (8. 2. 1921, Гомель гу­берниясы, Глинище кыш.- 9. 8. 1976, Минск) - беларус совет жазуучусу, Беларус ССР эл жазуу­чусу (1972). Улуу Ата Мекендик согушка катыш­кан. Беларус мамлекеттик университетин бүткөн (1945). Чы­гармалары 1939-жылдан жарыялана баштаган. Туңгуч аңгемелери («Бороонду бет алып» жый­нагы, 1946), «Минск багыты» (1-2-китеп, 1949- 52) романы, «Согуш башталганда» (1969) май­дан күндөлүгү согуш окуялары, Беларуссияны бошотуу жөнүндө. М-дин жалпыга таанымал «Саз­дагы кишилер» (1961; Лениндик сыйл., 1972), «Добулдун илеби» (1965) романдарында беларус айыл-кыштактарын революциячыл жол менен кайра куруу процесси, жаңырган эл турмушу баянда­латынча Эки роман тең терең психологизмге каны­гып, эпикалык чеберчилик менен жазылган. М. - БССР Жогорку Советинин (7-8-шайланышы­нын) депутаты, Тынчтыктын бүткүл дүйнөлүк советинин мүчөсү (1970), Беларуссия жазуучу­лар союзунун башкармасынын председателинин орун басары (1966-76). Беларус ССР мамлекеттик сыйл. лауреаты (1976, өлгөндөн кийин). Төрт орден жана медалдар менен сыйланган.

Ад.: Кулешов Ф. И. Подвиг художника; Литера­турный путь И. Мележа. Минск, 1982.