МЕЛАНЕЗИЯЛЫКТАР: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЛАНЕЗИЯЛЫКТАР - австронезия элдеринин тобу; Меланезиянын жергиликтүү калкы. Саны 2311 миң киши (2009). Меланезия, ошондой эле англис жана француз тилдеринде сүйлөшөт. Антропол. тиби боюнча меланезиялык расага кирет. Көпчүлүгү христиан (протестанттар, католиктер) динин тутат, бирок М-да байыркы жергиликтүү диний ишенимдердин калдыктары сакталган. М-дын этностук негизин австронезиялыктар жана байыркы папуас тилдүү калктар түзгөн. Мындан 5-4 миң жыл мурда австронезиялыктар Меланезияга отурукташа баштаган. Биздин заманга чейинки 2-миң жылдыктын
2-жарымында алар байыркы папуас тилдүү калктар менен аралашып, археол. маданияты өнүккөн. 20-к-да М. улут болуп калыптанган. Негизги кесиби - тропиктик дыйканчылык жана балыкчылык. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Улуттук кийими - белден ылдый жамынгыч жамынып, алжапкыч, кур тагынышып, кооздуктарды колдонушкан. Тамак-ашы - негизинен өсүмдүк, балык, кээде эт азыктары. Учурда элдик искусствосу өнүгүп, интеллигенция жана маданияты калыптанган.
