МЕКТЕП: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕКТЕП (арабча мактаб - кат жаза турган орун) - жаш муундарды окутуучу жана тарбиялоочу мекеме. Байыркы Грекияда М. деп философтордун окуучулар менен баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы Римде болсо М. деген сөз азыркы маанисине жакын колдонулуп, билим, тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстанда М-тик билим берүүнүн өз тарыхы бар. Кокон хандыгынын тушунда Кыргызстанда ислам дининин негиздерин окутууга багытталган: М-тер (башталгыч билим берүүчү) жана медреселер (орто жана жогорку билим берүүчү) болгон. 1917-жылдары Кыргызстанда орус-mysем башталгыч М-тери, гимназиялар ачыла баштаган. Кыргызстандын азыркы М-тик билим берүүсү негизинен совет доорунда калыптанган. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылдан баштап билим берүү тармагында өзгөрүүлөр көп болду. Вилим берүүнүн көп түрдүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиялар, лицейлер, жеке менчик мектептер ачылды. М-тик билим берүү төмөнкү үч баскычты: башталгыч жалпы (1-4-класстар), негизги жалпы (5-9- класстар), ортожалпы (10-11-класстар) билим берүүнү камтыйт. М-тик окутуу 6-7 жаштан башталат. КРдин «Билим берүү жөнүндөгү» мыйзамына ылайык мектепте окуу жалпыга бирдей милдеттүү түрдө ишке ашырылат.