МЕКТЕП: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕКТЕП (арабча мактаб - кат жаза турган орун) - жаш муундарды окутуучу жана тарбиялоочу ме­кеме. Байыркы Грекияда М. деп философтор­дун окуучулар менен баарлашуусун түшүнүшкөн. Байыркы Римде болсо М. деген сөз азыркы маа­нисине жакын колдонулуп, билим, тарбия берүүчү мекемени түшүндүргөн. Кыргызстанда М-тик билим берүүнүн өз тарыхы бар. Кокон хандыгынын тушунда Кыргызстанда ислам дининин негиздерин окутууга багытталган: М-тер (баш­талгыч билим берүүчү) жана медреселер (орто жана жогорку билим берүүчү) болгон. 1917-жылдары Кыргызстанда орус-mysем башталгыч М-тери, гимна­зиялар ачыла баштаган. Кыргызстандын азыркы М-тик билим берүүсү негизинен совет доорунда калыптанган. Кыргызстан эгемендүүлүккө ээ болгон 1991-жылдан баштап билим берүү тармагында өзгөрүүлөр көп болду. Вилим берүүнүн көп түр­дүүлүгүн камсыз кылган, айрым предметтерди тереңдетип окутуучу мектеп-гимназиялар, ли­цейлер, жеке менчик мектептер ачылды. М-тик билим берүү төмөнкү үч баскычты: башталгыч жалпы (1-4-класстар), негизги жалпы (5-9- класстар), ортожалпы (10-11-класстар) билим берүүнү камтыйт. М-тик окутуу 6-7 жаштан башталат. КРдин «Билим берүү жөнүндөгү» мый­замына ылайык мектепте окуу жалпыга бир­дей милдеттүү түрдө ишке ашырылат.