МЕКСИКАЛЫКТАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(4 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕКСИКАЛЫКТАР, мехиканос - эл, Мексиканын негизги калкы. Саны боюнча Латын Америкасында 2-орунда, АКШ, Канада, Испа­ния, Германия, Швейцария ж. б. өлкөлөрдө да жашашат. Жалпы саны 150 миллион киши (2008). М-дын жарымынан көбү (60-70%) аргындар (ла­дино). Испан тилинде сүйлөшөт. Калкынын көбү католик динин тутат, протестанттар да бар. Өлкөнү колониялоо убагында испандар менен жергиликтүү индей элдеринин (ацтек, майя, миштек, сапотек, отом ж. б.) жана Африкадан кул ката­ры алынып келинген негрлердин аралашуусу­нан 19-к-да М-дын уюткусу түзүлгөн. Испандар­дын колониялык эзүүсүнө каршы улуттук-бош­тондук күрөшү жана 1910-17-ж-дагы М. революциясы М-дын улут болуп түзүлүшүнүн аякташын шарт­таган. Негизги кесиби - дыйканчылык жана мал чарбачылык. М-дын көпчүлүгү ө. ж-да иш­тешет. Дубалы топурактан согулган, ошондой эле жыгач, таш, адоб жана самандан курулган, те­резеси, полу жок, чатыры саман же черепица менен жабылган жер үйлөрдө жашашып, цинов-

Салттык кийимчен мексикалыктар.

када, кээде гамакта (ысык аймактарда) укташ­кан. Улуттук кийими - испан жана индей ти­бинде. Эркектер пахтадан жасалган кездемеден көйнөк, шым, башына сомбреро, аялдары же­ңил кездемеден тигилген блуза, бүйүрмөлүү узун юбка кийишип, башына жамынгыч жамынат. Дөөлөттүү М. булгаарыдан тигилген кара түстүү шым, бийик такалуу өтүк, ак көйнөк, кара гал­стук, күмүш топчулуу кыска желет же куртка, саймаланган калпак кийген. Тамак-ашы неги­зинен жүгөрү, төө буурчак, мал чарбалуу түндүк райондорунда быштак, жээктерде - балык ж. б. кеңири колдонулат.