МЁКСИКА БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЁКСИКА БУЛУҢУ - Атлантика океанындагы жартылай туюк деңиз; Түндүк Американын жээгинде. Флорида, Юкатан ж. а. менен Куба а-нын аралыгында. Аянты 1555 миң км2, суусунун көлөмү 2332 миң кмэ. Миссисипи д. куят. Юкатан кысыгы аркылуу Кариб деңизи, Флорида кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен туташат. Суу астындагы ч-уңкурдугунун терендиги 5203 лгге жетет. Борбордук бөлүгүндө абиссаль плато, бийиктиги 300 лгдей болгон дөбөлөр жайгашкан. Түндүгүнөн, түштүгүнөн жана чыгышынан жазы (250 кляге чейин) шельф курчайт. Түндүк-батыш шельфи нефтиге бай (Мексика булуңу
нефть-газдуу бассейни). Климаты түштүгүндө тропиктик, түндүгүндө субтропиктик. Жааган жаан-чачынга (1000-1200 мм) караганда буулануу көп (1000-1750 мм). Жайында жана күзүндө катуу шамал (ураган) тез-тез болуп турат. Жайында суунун бетиндеги температурасы 29°С, тайыздыктарында 30-31°С; кышында түндүгүндө 18°Сден түштүгүндө 25°Сге чейин. Туздуулугу суу бетинде негизинен 36,О-36,9%о; 2000 леден терең суунун температурасы жана mysдуулугу турактуу, алар 4,3°Сди жана 34,98%они түзөт. М. б-на Кариб деңизине кирген Юкатан агымынын ылдамдыгы 50-200 см/сек, Гольфстримдин башатын түзгөн Флорида агымынын ылдамдыгы 300 сл«/секга жетет, чыгымы 30 миллион м1 /сек. Шельфтерден балык (негизинен сельд-менхеден), устрица, креветка, лангусттар, деңиз ташбакасы, бүт акваториясында тон балыктар, акула кармалат. Негизги порттору: Жаңы Орлеан (АКШ), Веракрус (Мексика), Гавана (Куба).