МЁКСИКА БУЛУҢУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЁКСИКА БУЛУҢУ - Атлантика океанында­гы жартылай туюк деңиз; Түндүк Американын жээ­гинде. Флорида, Юкатан ж. а. менен Куба а-нын аралыгында. Аянты 1555 миң км2, суусунун көлөмү 2332 миң кмэ. Миссисипи д. куят. Юка­тан кысыгы аркылуу Кариб деңизи, Флорида кысыгы аркылуу Атлантика океаны менен тута­шат. Суу астындагы ч-уңкурдугунун терендиги 5203 лгге жетет. Борбордук бөлүгүндө абиссаль пла­то, бийиктиги 300 лгдей болгон дөбөлөр жайгаш­кан. Түндүгүнөн, түштүгүнөн жана чыгышынан жазы (250 кляге чейин) шельф курчайт. Түндүк-ба­тыш шельфи нефтиге бай (Мексика булуңу

нефть-газдуу бассейни). Климаты түштүгүндө тропиктик, түндүгүндө субтропиктик. Жааган жаан-чачынга (1000-1200 мм) караганда буула­нуу көп (1000-1750 мм). Жайында жана күзүндө катуу шамал (ураган) тез-тез болуп турат. Жа­йында суунун бетиндеги температурасы 29°С, та­йыздыктарында 30-31°С; кышында түндүгүндө 18°Сден түштүгүндө 25°Сге чейин. Туздуулугу суу бетинде негизинен 36,О-36,9%о; 2000 леден терең суунун температурасы жана mysдуулугу турактуу, алар 4,3°Сди жана 34,98%они түзөт. М. б-на Кариб де­ңизине кирген Юкатан агымынын ылдамдыгы 50-200 см/сек, Гольфстримдин башатын түзгөн Флорида агымынын ылдамдыгы 300 сл«/секга жетет, чыгымы 30 миллион м1 /сек. Шельфтерден ба­лык (негизинен сельд-менхеден), устрица, кре­ветка, лангусттар, деңиз ташбакасы, бүт аква­ториясында тон балыктар, акула кармалат. Не­гизги порттору: Жаңы Орлеан (АКШ), Веракрус (Мексика), Гавана (Куба).