МЕЙМАН: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЙМАН, к о н о к - сый көрүүчү адам. М. үй ээсинин камылгасына карай чакырылган (атайын) М. жана кудайы (күтүүсүз) конок болуп бөлүнөт. Чакырылган М. алдын ала күтүлүп, конок камы көрүлүп (мал союлуп), дасторкон даярдалатынча Илгери кыргыздар М-га атайы ак өргөө көтөргөн. М. келе жатканда, үй ээси тосуп алып, сый көрсөтүп, узатат. Кудайы конок айттырып келбейт. Ар кандай шарт менен күтүлбөгөн жерден келген бейтааныш адамга үй ээси мүмкүнчүлүгүн аябай, аны сыйлоого аракеттенет. Айрым мезгилдерде үй ээсинин шартына жараша мал союлат. Мындай М-ды элибиз жогору баалаган. Аны кудайым өзү жибергендей, Кызыр-Алекисалам түнөп кеткендей сезишкен.