МЕЙКИНДИК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЙКИНДИК матем-атикадакандай- дыр бир констр. түзүүлөр аткарыла турган чөйрө катары пайдаланылуучу, логикалык ой жүгүртүү менен алынган форма (структура). Мисалы, элементардык геометрияда М. же тегиздик ар кандай фигура түзүлө турган чөйрө болуп эсептелет. Көпчүлүк учурда М-те формалык касиеттери жагынан кадимки М. катышына окшош катыштар белгиленет (чекиттердин ортосундагы аралык, фигуралардын барабардыгы ж. б.). Мындай М-тер логикалык ой жүгүртүүдөн келип чыккан М.-окшоштук формалары болушат. Эң алгачкы М. - үч өлчөмдүү Евклид мейкиндиги болгон, ал реалдуу М-тин жакындатылган абстракттуу образын түзгөн. Алгач М. түшүнүгү математикага 19-к-дын 1-жарымында (1854) Б. Риман киргизген. Ал Лобачевский жана Евклид М-тери болгон. Ал улам ар кандай тармакта жалпыланып, корутундуланып, такталып вектордук мейкиндик, гильберт мейкиндиги, риман мейкиндиги, топология мейкиндиги түзүлгөн. Азыркы математикада М. анын чекиттери деп аталган кандайдыр бир объектилердин көптүгү (мисалы, геометриялык фигуралар физикалык системанын абалы ж. б.) катары аныкталат.