БУКТУРМА (дарыя): нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
No edit summary
 
(Айырма жок)

11 май 2024, саат 03:22 учурдагы соңку нуска

БУКТУРМА – Чыгыш Казакстандагы дарыя; Иртыштын оӊ куймасы. Узундугу 336 км. Алабынын аянты 12660 км2. Түштүк Алтай кырка тоосунун чыгыш жагындагы мөӊгүлөрдөн башталып, Буктурма суу сактагычына куят. Негизинен мөӊгү, кар сууларынан жана булактардан куралат. Жылдык орточо чыгымы 214 м3/сек. Кеме жүрөт. Жээгинде Зыряновск шаары жайгашкан.