МЕЗОЗОЙ ЗАМАНЫ (ЭРАТЕМАСЫ): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЗОЗОЙ ЗАМАНЫ (ЭРАТЕМАСЫ), м е з оз о й (мезо... жана грекче zoe - тиричилик) - стратигр. шкаланын палеозой менен кайнозой аралыгындагы системалардын тобу (эратемасы) жана Жердин геол. тарыхындагы ага туура келген заман. М. з. (э.) мындан 230 миллион жыл мурда башталып, узактыгы 163 миллион жылга созулган. Терминди англ. геолог Ж. Филлипс 1841-жылы киргизген. Өз ичинен триас, юра, бор мезгилдеринен турат (к. таблица).
|
Мезозой заманынын стратиграфиялык шкаласы (миллион жыл) |
||
|
Заман (эратема) |
Мезгил (система) |
Доор |
|
Мезозой 183 |
Бор 77 |
Үстүнкү |
|
Астынкы |
||
|
Юра 63 |
Үстүнкү |
|
|
Ортонку |
||
|
Астынкы |
||
|
Триас 43 |
Үстүнкү |
|
|
Ортонку |
||
|
Астынңкы |
||
Океан ойдундары (Тынч океандан башка), азыркы материктердин алган орду. М. з-нда (э-нда) пайда болгон. Бул заманда ургаалдуу бүктөлүүлөр, тоо пайда болуу жана магматизм процесстери жүргөн. Өсүмдүктөрдөн папоротниктер, жылаңач уруктуулар дүркүрөп өскөн. Жабык уруктуулар пайда боло баштаган. Жаныбарлардан сойлоп жүрүүчүлөр өкүм сүргөн. Кийинчерээк сүт эмүүчүлөр, куштар келип чыккан. Күрөң жана таш көмүр, нефть менен газ, темир, боксит, таш mys кендери чөкмөгө айланган. Тынч океандын бүктөлүү аймактарындагы интрузиялар менен алтын, күмүш, жез, коргошун, цинк, калай кендери тыгыз байланышкан.
Ад.: Короновский Н. В., Хаин В. Е., Ясаманов Н.А. Историческая геология. М., 2008.