МЕЗОЗОЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕЗОЗОЙ БҮКТӨЛҮҮСҮ, мезозой бүктөлүштөрү - мезозой заманында (триас, юра, бор мезгилдеринде) жер кыртышы ийилип,
тоолордун бийик көтөрүлүшү, магматизм процессинин жүрүшү. Тектоникалык кыймылдар негизинен Тынч океандын жээктеринде (Чыгыш Азия, Кордильера, Анд тоолору) күчтүү кыймыл-аракетке келип, Тынч океан бүктөлүү аймагы келип чыккан. Триас мезгилинин аягы менен юранын башталышында алгачкы киммерий (индосиний) бүктөлүүсү пайда болгон. Мында Индикытай, Иран тайпак тоосунун кээ бир бөлүктөрү бүктөлүүгө учураган. Соңку киммерий бүктөлүү мезгилинде (андневад, колыма, араукан бүктөлүүлөрү) Жогорку Яна-Чукча аймагы, Моңгол-Охота, Кордильера тоосунун борбордук бөлүгү бүктөлгөн. Бул процесс юра мезгилин кучагына алган. Натыйжада Сихотэ-Алинь, Камчатка ж. а., Суматраа., Коряк тайпак тоосунун батыш тарабы бийик көтөрүлгөн. М. б. доорунда түстүү металлдар (жез, молибден, калай, вольфрам ж. б.), алтын кендери пайда болгон.
Ад.: Хаин В. Е., Балуховский А. Н. Историческая геотектоника: Мезозой и кайнозой. М., 1993.