МЕДИЦИНАЛЫК ЭНЦИКЛОПЕДИЯ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МЕДИЦИНАЛЫК ЭНЦИКЛОПЕДИЯ - медициналык илимий маалымат берүүчү көлөмдүү басылма. Биринчи жолу Н. А. Семашконун жетекчилиги менен 35 томдуу «Болыпая медицинская энциклопедия» (БМЭ) чыгарылган (1928-36). БМЭнин 2-басы­лышы 1956-64-ж. жарык көргөн. 1965-70-ж. 12 томдуу «Малая медицинская энциклопедия» чыккан. 1972-74-ж. орто билимдүү медициналык кызмат­керлерге арналган 3 томдуу «Краткая медицин­ская энциклопедия» чыгарылган. Россияда БМЭнин атайын Башкы редакциясы даярдап чыгарып келген. Ал эми Кыргызстанда Кыргыз Со­вет Энциклопедиясынын Башкы редакциясы та­рабынан 1991-жылы «Ден соолук» илимий популярдуу, бир томдук медициналык энциклопедиясы чыгарылган. Анда 1406 макала камтылып, ден соолукту сак­тоо жана чыңдоо, түрдүү оорулардан алдын алуу ж. б. у. с. медициналык кеңештер берилген.