МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДИЦИНАЛЫК ТЕЗ ЖАРДАМ - катуу кармаган ооруларда, түрдүү кырсыктан адамдын ден соолугуна, өмүрүнө коркунуч туулганда шашылыш медициналык жардам көрсөтүү кызматы. Жапа чеккендерге М. т. ж. кырсык болгон жерде (көчөдө, үйдө, жумушта), оорулууну ооруканага алып баратканда ж. б. учурларда көрсөтүлөт. Андан тышкары оорулууну, төрөй турган аялды стационардык дарылоо мекемелерине жеткирет. М. т. ж. көрсөтүүгө атайын мекемеден тышкары борборлоштурулган диспетчерлик кызмат, радиолошкон медициналык машина, реанимация бөлүмү көмөктөшөт. М. т. ж. машинасы телефон байланышы, дем алдыруучу, наркоз берүүчү аппараттар, портативдүү электр кардиограф ж. б. менен жабдылган. Ири шаарларда М. т. ж. берүүчү атайын бригадалар түзүлгөн. Тез жардам станциясы жок жерде медициналык жардамды бардык дарылоо, алдын алуу мекемелери көрсөтүүгө милдеттүү. Алыскы жана жетүүгө кыйын райондорго медициналык шашылыш жардам көрсөтүүдө санавиациянын мааниси чоң.