МЕДИТАТИВДИК ЛИРИКА: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДИТАТИВДИК ЛЙРИКА, медитативдүү лирика (латынча тереңдетилген жана максатка багытталган ой жүгүртүү) - турмуштун бул же тигил маселелери боюнча акындын поэтикалык терең ой жүгүртүүсү, лириканын түрү. М. л. көбүнчө философиялык поэзия менен айкалышат. Мындай лирикага сентименталисттер менен романтиктер көп кайрылышкан. Кээде кургак ой жүгүрткөн, маңызсыз ырларды да какшыктап ушул термин менен аташа. М. л. кыргыз поэзиясында 60-жылдардан кийин бир кыйла жакшы өнүккөн [мисалы, Адамдар төрөлөт түндөрдө, Адамдар көбөйөт түндөрдө, /Адамдар сүйүшөт түндөрдө/, Адамдар өлүшөт түндөрдө, /Түн - чоң сыр/, Түн - дүлөй турмуш, /өз балдарын жутуп/ жана тынымсыз /кайра ордуна/ төрөп жаткан мезгилдей (С. Тургунбаев)].