МЕДИНА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДЙНА [байыркы аты Я с р и б (Ятриб), арабча толук аты - Мединат-Расул-Аллах же Мединатан-Наби - «Пайгамбарлар шаары»] - Сауд Арабиясынын батышындагы шаар. Медина провинциясынын администрациялык борбору. Оазисте, Кызыл деңизден болжол менен 200 км алыстыкта жайгашкан. Калкы 1,1 миллион (2010; өлкөдөгү калкынын саны боюнча 4-шаар). Собда-жол тоому. Эл аралык аэропорту бар. Шаар калкы негизинен зыяратчыларды тейлеп, бакчачылык менен да алектенет. Диний буюмдарды (теспе, жайнамаз ж. б.) жасоочу өндүрүштөрү иштейт. Король Фахда атындагы басма комплекси (1985; Куранды басып чыгаруучу дүйнөдөгү бирден-бир басма; жылына 10 миллион нуска), металл иштетүүчү, автомобиль ремонттоочу, курулуш материалдар (кыш, черепица) ишканалары, карапа жана жыгач иштетүүчү мастерскойлору, азык-түлүк өндүрүшү иштейт. М. - сугатчылык өнүккөн аймактын борбору. Башкы азыгы - курма (негизинен экспорттолот). Шаар 7-к-дан - мусулмандардын зыяратка келүүчү 2-ыйык жайы (Мекеден кийин). Биздин заманга чейинки 6-к-дан Ясриб деген ат менен белгилүү. М-га 622-ж. Мекеден ислам динин не-
гиздеген Мухаммед көчүп келип, мусулмандар жамаатын түзгөн. 622-32-ж. аралыгында ислам өз алдынча дин болуп, алгачкы мечит курулган. 632-56-ж. Араб халифатынын борбору. 10- к-дан Египет династиясынын, 1571-1919-жылы Осмон империясынын сурагында, 1919-24-ж. Хижаз королдугунун, 1932-жылдан Сауд Арабиясынын курамында. Архитектура эстеликтери исламдын тарыхы менен байланыштуу. М. алгач таш коргон менен курчалып, 4 дарбазасы болсо, кийинчерээк ал 8ге жеткен. Анда Мухаммеддин күмбөзү жана Чоң мечит (Мухаммедцин үйүнүн ордуна тургузулуп, бир нече жолу ондолгон; 7-, 8-, 19-кылым), Каср-Азим сепил-ак сарайынын калдыгы (7-кылым), 19-20-к-дын курулуштары, мечиттер (анын ичинде Гамама, жер-суу тайып сыйынуучу жерде; Микат) сакталган. Пайгамбардын мечит комплексинин заманбап көрүнүшү тик бурчтуу. Ал бир нече бөлүктөн (аянты 165 миң м2), 10 минареттен (анын ичинде боонун бийиктиги 99 м) жана Куран музейинен [жер алдында 2 ярустан туруп, гусул (дараат) алуучу ж. б. жайлары жайгашкан] турат. 20-к-дын аягы - 21-к-дын башынан шаарды жашылдандыруу жана жакшыртуу иштери чоң масштабда жүрүүдө. Ири соода борборлору, асфальт жолдор курулду. Университеттер (анын ичинде Ислам, Тайба), король китепканасы, музей комплекси (анын ичинде бизнес-борбор ж. б.), парк бар. Туризм (жыл сайын бир млндон ашык адам зыяратка келет) өнүккөн.

