МЕДЕРОВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МЕДЕРОВ Таир Турарович (5. 3. 1962-жылы туулган, Бишкек) - скульптор, КРдин илим жана техника жаатындагы мамлекеттик сыйл. лауреаты (Бишкек ш. Ачык асман алдындагы эл аралык музейдеги иши үчүн, 2000). Москвадагы М. И. Калинин атындагы көркөм-өнөр жай окуу жайында окуган (1977-81). Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясынын академиги (2005), Сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992). М. Санкт-Петербургдагы (мурдагы Ленинград) И. Е. Репин атындагы Живопись, скульптура жана архитектура институтун (1991), Т. Садыков атындагы Улуттук сүрөт академиясын (1994) бүтүргөн жана ушул эле академияда 1992- жылдан доцент. М. көрүнүктүү мамлекеттик жана искво ишмерлерине тургузулган эстеликтердин автору (Бишкекте Н. Исанов, Т. Кулатов, К. Тыныстанов, К. Карасаев, Т. Сыдыкбеков, К. Юдахиндин бюсттары, Караколдо К. Тыныстановго, К. Карасаевге, Тагай бийге коюлган эстеликтер). М. скульптура боюнча эл аралык симпозиумдардын катышуучусу.