«МЕГАКОМ»: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(3 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

«МЕГАКОМ» («Альфа Телеком» ЖАК) - Кыргызстан­дагы уюлдук ири компания. 2006-жылы уюшулган. «М-дун» өлкө боюнча 2,5 млндон ашык кардары жана көптөгөн байланыш түйүндөрү бар (2013). Өлкөнүн дээрлик бардык булуң-бурчунда байла­нышты уюштурат. «М.» эл аралык менежмент системасынын 1СО 9001:2008 версиясынын серти­фикациясын өткөн. «М.» кардарларды тейлөө­нүн жогорку деңгээлин, кызматтардын кеңири жолун, туруктуу байланышты, ачык жана ың­гайлуу тарифтештирүүнү уюштурат. Уюлдук

ап­параттар аркылуу кардарларына учурдагы ар түр­дүү технол. жаңылыктарды (смс, интернет ж. б.) тартуулайт. Кардарларды жеке (бирдик жүк­төө аркылуу) жана корпорациялык түрдө тейлейт. Компания түйүндөрдү кеңейтүү, оптималдашты­руу, техникалык базасын жаңылоо боюнча иш-чараларды жүргүзөт. Ал 1181 базалык станцияга, 7000ден ашык соода кылуу пунктуна, брендделген 3 Мега-экспресс жана ири 17 тейлөө борборуна ээ. «М.» өзүнүн түздөн-түз ишмердиги менен катар муктаж болгондорго демөөрчү болуп, кайрымдуу­лук акцияларын да үзгүлтүксүз өткөрүп турат.