МБАБАНЕ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МБАБАНЕ - Свазиленд Королдугунун борбору. Хохо округунун администрациялык борбору. Өлкөнүн түндүк-батышында, Ажыдаар тоосунун этегинде, Мдимба бөксө тоосунда, деңиз деңгээлинен 1150 м бийиктикте жайгашкан. Калкы 62,0 миң (2010). ТАРдын
түндүк-батышы жана Манзини ш. (андан ары Мапуту, Мозамбик) менен автомбиль жолу аркылуу байланышат. М-ге калк 18-к-да эле отурукташа баштаган. 19-к-дын аягында свази элинин жол башчысы Мбандзенинин резиденциясына жакын жерде негизделген. 1899-1902-жылы Улуу Британияга көз каранды болуп келген. 1903- 68-ж. Британиянын Свазилен протекторатынын администрациялык, 1968-жылдан Свазиленддин борбору. Тамак-аш, тигүү, металл иштетүү, а. ч. азыктарын (бал камыш, жүгөрү, цитрус өсүмдүктөрү) иштетүүчү ө. ж. ишканалары иштейт. Университеттин кампусу, фонд биржасы бар. М-ге жакын жерде асбест иштетилет. Жыл сайын свази элинин каада-салты менен коштолгон Инквала, умланга бийи фестивалдары жана элдик майрамдар өткөрүлүп турат. Млилване табигый паркы (Түштүк Африканын экзотика фаунасынын екүлдөрү - керик, крокодил, жираф, зебра ж. б. мекендейт) уюштурулган. Туризм өнүгүүдө.
МБУЖИ-МАЙИ (1966-жылы чейин Б а к в а нг а) - Конго Демокр. Респ-нын түштүк бөлүгүндөгу шаар. Чыгыш Касаи провинциясынын администрациялык борбору (1962). Санкуру д-на Бушимае д. куя бериште жайгашкан. Калкы 1,6 миллион (2010). Автомобиль жолу аркылуу Кананга ш. менен туташат. Аэропорту бар. 20-к-да негизделген. 1960-61-ж. өзүн-өзү жарыялаган Түштүк Касаи мамлекетинин борбору болгон. 1997-жылы 1-Конго согушу мезгилинде Л. Д. Кабила тарабынан басылып алынган. Неороман стилиндеги кафедралуу собор (1949), университет (1990) бар. Алмаз казып алуунун [«8ос1ё1ё Мпиеге с!е Вак^/ап^а» (М1ВА) мамлекеттик компаниясы] ири борбору. Таза (кенташтагы эмес) алтын казылып алынат. Тамак-аш-татымал ө. ж. ишканасы иштейт.
