МАЯКОВСКИЙ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАЯКОВСКИЙ Владимир Владимирович [7(19). 7. 1893, Кутаиси губерниясы, Багдади кыш. (азыркы Маяковский пос.) - 14. 4. 1930, Москва] - орус акыны. 1902-06-ж. Кутаиси гимназиясында окуган. Гимназиядагы болыпевик студенттер менен жакшы

мамиледе жүрүп, Революциячыл иштерге катышканы учүн үч ирет камалган. 1911-жылы Москва сүрөт өнөр окуу жайына кирген. 1912-жылдан жаза баштаган. Алгачкы ырлары футуризм. багытында жазылган. Бул багыттагы ырлардан турган «Мен!» деген туңгуч ыр жыйнагы 1913-жылы
жарык көргөн. Футуристтердин таламын талашып, эл алдында курч саясий ойлорду айтканы үчүн 1914-жылы окуудан айдалган. Бирок ал көп узабай футуризмден кол үзүп, символизм менен акмеизмдин эстетикасына каршы чыккан. «Ыштанчан булут», «Согушжанатынчтык», «Адам» поэмалары - Октябрь революциясына чейин жазган чыгармаларынын мыктылары. Аларда М. империалисттик согушка наалат айтат, буржуазиялык коомду сындайт, бакытка күрөш гана жеткирет деп эсептеп, капитализмге каршы стихиялуу көтөрүлгөн элдин революциялык маанайын таасын көрсөтөт. М. Октябрь революциясын кубаныч менен тосуп алып, аны «Революцияга ода» (1918), «Солмарш» (1919) поэмаларында, гротесктүү-сатиралык жана патетикалуу «Мистерия-Буфф» (1918-21) пьесасында чын дили менен даңктаган. «150 000 000» поэмасы социалисттик революцияга арналган. 1919-20-ж. Россия телеграф агенттигинин (РОСТА) күжүрмөн плакаттарындагы үгүтчүл мазмундагы сатиралык ырларды жараткан. Ал ырлардан М-дин нукура сүрөткерлик таланты, таамай айтчу ыкмасы мурдагыдан да айкын көрүнгөн. «Жакшы!» (1927) поэмасында ал социалисттик мекенди даңазалайт. Анын бюрократтарды келекелеген нечен мыкты сатиралык ыр, пьесалары да бар: «Кеңешип бүтпөгөндөр» (1922) ыры, «Кантала» (1928), «Мончо» (1929). «Бардык үнүм менен» (1930) поэмасы. М. - чебер лирик, жарчы акын, таланттуу сатирик, поэтикалык форманын жаңычылы. Анын жанычыл поэзиясы советтик жана дүйнөлүк поэзиянын жаңы багытта өнүгүшүнө омоктуу түрткү берген. Андан Назым Хикмет, Луи Арагон, Пабло Неруда, И. Бехер өндүү дүйнөнүн прогрессчил акындары таасир алышкан. М-дин таасири кыргыз поэзиясынын М. Элебаев, Ж. Турусбеков, А. Токомбаев, Т. Үмөталиев сыяктуу алдынкы өкүлдөрүнүн чыгармаларынан да байкалат. Чыгармалары дүйнө элдеринин тилдерине, а. и кыргыз тилине да которулган. 1937-жылы Москвада М-дин Китепкана музейи, 1974-жылы Мамлекеттик музейи ачылган. Туулган айылы Багдадиде (азыр Маяковский пос.) да акынга арналган музей (1941) бар.
Чыг.: Тандалмалуу ырлар. Ф., 1950; Полн. собр. соч. М., 1955-61. Т. 1-13; Владимир Ильич Ленин. Ф., 1970; Мистерия-Буфф. Ф., 1975.
Ад.: Метченко А. Маяковский. Очерк творчества. М., 1964; Жигитов С. Октябрдын шооласынан жаркыган//Жанычылык жолунда. Ф., 1975; Перцов В. О. Маяковский. Жизнь и творчество. 3-е изд. М., 1976. Т. 1-3; Кацис Л. В. Маяковский: поэт в интеллектуальном контексте эпохи. М., 2004; Скорятин В. И. Тайна гибели В. Маяковского. 2-е изд. М. 2009.