МАЯКОВСКИЙ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(5 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАЯКОВСКИЙ Владимир Владимирович [7(19). 7. 1893, Кутаиси губерниясы, Багдади кыш. (азыркы Маяковский пос.) - 14. 4. 1930, Моск­ва] - орус акыны. 1902-06-ж. Кутаиси гимна­зиясында окуган. Гимназиядагы болыпевик сту­денттер менен жакшы

мами­леде жүрүп, Революциячыл иш­терге катышканы учүн үч ирет камалган. 1911-жылы Моск­ва сүрөт өнөр окуу жайына кирген. 1912-жылдан жаза баштаган. Алгачкы ырлары футуризм. багытында жа­зылган. Бул багыттагы ыр­лардан турган «Мен!» деген туңгуч ыр жыйнагы 1913-жылы

жарык көргөн. Футуристтердин таламын тала­шып, эл алдында курч саясий ойлорду айтканы үчүн 1914-жылы окуудан айдалган. Бирок ал көп узабай футуризмден кол үзүп, символизм менен ак­меизмдин эстетикасына каршы чыккан. «Ыш­танчан булут», «Согушжанатынчтык», «Адам» поэмалары - Октябрь революциясына чейин жазган чыгармаларынын мыктылары. Аларда М. импе­риалисттик согушка наалат айтат, буржуазиялык коом­ду сындайт, бакытка күрөш гана жеткирет деп эсептеп, капитализмге каршы стихиялуу көтө­рүлгөн элдин революциялык маанайын таасын көр­сөтөт. М. Октябрь революциясын кубаныч менен тосуп алып, аны «Революцияга ода» (1918), «Солмарш» (1919) поэмаларында, гротесктүү-сатиралык жана патетикалуу «Мистерия-Буфф» (1918-21) пьеса­сында чын дили менен даңктаган. «150 000 000» поэмасы социалисттик революцияга арналган. 1919-20-ж. Рос­сия телеграф агенттигинин (РОСТА) күжүрмөн плакаттарындагы үгүтчүл мазмундагы сатира­лык ырларды жараткан. Ал ырлардан М-дин нукура сүрөткерлик таланты, таамай айтчу ык­масы мурдагыдан да айкын көрүнгөн. «Жакшы!» (1927) поэмасында ал социалисттик мекенди даңазалайт. Анын бюрократтарды келекелеген нечен мык­ты сатиралык ыр, пьесалары да бар: «Кеңешип бүтпөгөндөр» (1922) ыры, «Кантала» (1928), «Мончо» (1929). «Бардык үнүм менен» (1930) поэмасы. М. - чебер лирик, жарчы акын, талант­туу сатирик, поэтикалык форманын жаңычы­лы. Анын жанычыл поэзиясы советтик жана дүйнө­лүк поэзиянын жаңы багытта өнүгүшүнө омок­туу түрткү берген. Андан Назым Хикмет, Луи Арагон, Пабло Неруда, И. Бехер өндүү дүйнөнүн прогрессчил акындары таасир алышкан. М-дин таасири кыргыз поэзиясынын М. Элебаев, Ж. Ту­русбеков, А. Токомбаев, Т. Үмөталиев сыяктуу алдынкы өкүлдөрүнүн чыгармаларынан да бай­калат. Чыгармалары дүйнө элдеринин тилдери­не, а. и кыргыз тилине да которулган. 1937-жылы Москвада М-дин Китепкана музейи, 1974-жылы Мамлекеттик музейи ачылган. Туулган айылы Багда­диде (азыр Маяковский пос.) да акынга арнал­ган музей (1941) бар.

Чыг.: Тандалмалуу ырлар. Ф., 1950; Полн. собр. соч. М., 1955-61. Т. 1-13; Владимир Ильич Ленин. Ф., 1970; Мистерия-Буфф. Ф., 1975.

Ад.: Метченко А. Маяковский. Очерк творчества. М., 1964; Жигитов С. Октябрдын шооласынан жаркыган//Жанычылык жолунда. Ф., 1975; Пер­цов В. О. Маяковский. Жизнь и творчество. 3-е изд. М., 1976. Т. 1-3; Кацис Л. В. Маяковский: поэт в интеллектуальном контексте эпохи. М., 2004; Ско­рятин В. И. Тайна гибели В. Маяковского. 2-е изд. М. 2009.