МАЯК (навигация): нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАЯК - өтө кубаттуу жарык булагы менен жабдылган мунара түрүндөгү курулма. Ал деңиз жээгин таануу, деңизде кеменин ордун аныктоо, аэропланга жерге жакындаганын жана навигациялык коркунуч жөнүндө алдын ала билдирүү милдетин аткарат. М. жарык-оптикалык системалар, ошондой эле сигнал берүүнүн башка техникалык каражаттары: аба акустикасы (наутофон, диафон,
сирена ж. б.) же суу асты акустикасы (суу асты коңгуроосу, осциллятор); радиотехника, радиоакустика менен жабдылат. М. деңиз жээгине, порттун кире беришине, булуңга же суунун куйган жерине, кээде аскага же тайыз жерге орнотулатынча М-тын негизги мүнөздөмөсү: мунарага мүнөздүү архитектурасы, жарыктандыруучу бөлүгү, жарыктын деңиз деңгээлине карата бийиктиги, жарык түсү жана аны'аралыкка берүү мүнөзү. Радиомаяк жыштыкты берүү, иштөө режими жана код сигналы менен мүнөздөлөт. Биздин заманга чейинки 280-ж. римдиктер курган Александриядагы Фарос М-ы - эң байыркы М. Ал дүйнөдөгу 7 кереметтин бири болуп эсептелет.