МАШИНА-ТРАКТОР АГРЕГАТЫ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАШЙНА-ТРАКТОР АГРЕГАТЫ - механикалаштырылган жумуштарды аткаруу үчүн трактордон же кыймылдаткычтан жана ага чиркештирилген а. ч. машинасынан (шайманынан) турган техникалык комплекс. Өзүнүн кыймылдаткычы жана талаада жүрүү, жумушчу органдарын кыймылга келтирүү үчүн кыймыл берүүчү механизми бар агрегат өзү жүрмө деп аталат. М.-т. а. жөнөкөй, комплекстуү жана татаал болуп айырмаланат. Жөнөкөй М.-т. а. бир гана операцияны (мисалы, жумшартуу), ар башка машиналардан турган комплекстүү агрегат 2 операцияны (мисалы, жер айдайт жана малалайт), татаал агрегат эки же андан көп операцияны аткарат. Аткарган технол. процессине карай М.-т. а. айдоочу, жыйноочу, бардык
жумуштарды аткаруучу, химиялык жол менен илдет, зыянкечтерге каршы күрөшүүдө колдонулуучу, үрөн себүүчү, көчөт отургузуучу, катар аралыкты жумшартуучу, продуктуну алгач иштетүүчү (бастыруучу, үрөн тазалоочу, пресстөөчү); а. ч. продуктусун ташуучу болуп айырмаланат. Трактор менен бириктирүү ыкмасына карай чиркелме, асма, жарым асма М.-т. а. болуп бөлүнөт.