МАЧЫН: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАЧЫН — Түштүк Кытай, айрым учурда жалпы эле Кытайдын аталышы. Санскрит тилиндеги «Махачин» топоними арабча «Масин» болуп өзгөрүп калган деген божомол бар. 9-17-к-дагы мусул­ман даректеринде көп кездешет. Мисалы, Махмуд Кашгари өз эмгегинде (к. «Дивану лугат-ит­түрк») Чин өлкөсү адегенде чыгышы Табгач (Тавгаж), ортосу Кытай, алдынкы бөлүгү Бар­хан (же Кашкар) болуп, үчкө бөлүнгөнүн, ки­йинчерээк Табгач М., Кытай Чин деген ат менен белгилүү болуп калганын көрсөткөн. Мухаммед ибн Наджиб Бекрандын (13-к-дын башы) эмге­гинде («Жахан наме») Кытайдын («Кита») «Чын» («Чин») деп аталганын, ЗООдөн ашык шаары бар экенин жана ал Тышкы (Чин-и Бируни), Ички (Чин-и Андаруни), М. (Түштүк Кытай) болуп, үчкө бөлүнгөнү айтылат. Кыргыздын «Манас» эпо­сунда М. термини «Чынмачын» түрүндө кези­гет. Мындагы «Чын» топоними 10-13-к-дагы мааниси боюнча Түштүк Кытай же жалпы эле Кытай аймагына туура келген.

Ад.: Крачковский И. Ю. Арабские географы и путе­шественники// Известия Государственного географи­ческого общества. М.; Л., 1937. Т. БХ1Х. № 5; Мате­риалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 1.