МАЧЫН: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАЧЫН — Түштүк Кытай, айрым учурда жалпы эле Кытайдын аталышы. Санскрит тилиндеги «Махачин» топоними арабча «Масин» болуп өзгөрүп калган деген божомол бар. 9-17-к-дагы мусулман даректеринде көп кездешет. Мисалы, Махмуд Кашгари өз эмгегинде (к. «Дивану лугат-иттүрк») Чин өлкөсү адегенде чыгышы Табгач (Тавгаж), ортосу Кытай, алдынкы бөлүгү Бархан (же Кашкар) болуп, үчкө бөлүнгөнүн, кийинчерээк Табгач М., Кытай Чин деген ат менен белгилүү болуп калганын көрсөткөн. Мухаммед ибн Наджиб Бекрандын (13-к-дын башы) эмгегинде («Жахан наме») Кытайдын («Кита») «Чын» («Чин») деп аталганын, ЗООдөн ашык шаары бар экенин жана ал Тышкы (Чин-и Бируни), Ички (Чин-и Андаруни), М. (Түштүк Кытай) болуп, үчкө бөлүнгөнү айтылат. Кыргыздын «Манас» эпосунда М. термини «Чынмачын» түрүндө кезигет. Мындагы «Чын» топоними 10-13-к-дагы мааниси боюнча Түштүк Кытай же жалпы эле Кытай аймагына туура келген.
Ад.: Крачковский И. Ю. Арабские географы и путешественники// Известия Государственного географического общества. М.; Л., 1937. Т. БХ1Х. № 5; Материалы по истории кыргызов и Кыргызстана. Б., 2003. Т. 1.