МАХОРКА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАХОРКА, көк тамеки (Ыхсойапа гпзПса) — өсүмдүктөрдүн ит жүзүмдөр тукумунун тамеки уруусуна кирген бир жылдык өсүмдүк. Сабагы тик өсөт, көп кырдуу, бийиктиги 0,8-1,5 лгдей. Жалбырагы жүрөк сымал, калың, майда түктүү, жабышкак шире менен капталган. Жалбырагынын саны сортуна жана багууга жараша 12ден 20га чейин жетет, сабакта кезектешип жайгашат. Өзөк тамырлуу, тамыры топуракка 2 ладей сүңгүйт. Топ гүлү - шыпыргы сымал, гүл желекчеси жашыл же саргыч жашыл. Нымдуулукту, жылуулукту жакшы көргөн, көп түшүм берүүчү өсүмдүк. Орт. түшүмү гектарынан 25-30 ц кургак жалбырак, ал эми сабагы менен кошо эсептегенде 35-40 цди түзөт. Вегетация мезгили 120-140 күн. Мөмөсү эки кабыктуу, көп уруктуу кутуча. Уругу майда, күрөң түстө, 1000 данынын салмагы 0,25-0,35 г. М-нын үрөнү 7-8°Сде жер бетине өсүп чыгат. Абанын темпрасы 20-25°Сде жакшы өсөт. Суукка байымсыз, -2 ... -3°С суукта үшүп кетет.
Ад.: Н. Ибраимов. Техникалык өсүмдүктөр жана аларды Кыргызстанда өстүрүүнүн алдынкы ыкмалары. Б., 1994. Г. Ф. Эшимкулова.