МАХОВИК: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (3 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАХОВИК,күүлөндүргүч дөңгөлөкмашина валына орнотулуучу чоң алкактуу (массивдүү) дөңгөлөк. М. поршендүү кыймылдаткычта, компрессордо, насосто ж. б. машиналарда, башкы валдагы айлануу моменти бир калыпта болбогон учурда аккумулятор катары колдонулатынча Ал кыймылдаткычтын валына таасир эткен күчтү тең салмактап, аз кубаттуулуктагы кыймылдаткычты колдонууга мүмкүнчүлүк берет. Кыймылдаткыч иштөө учурундагы кеңейүү тактынын жүрүшүндө муунактуу валга топтолгон кинетикалык энергиянын эсебинен М. поршенди кыймылсыз чекиттен чыгарат, муунактуу валдын бир калыпта айланышын, кийирүү, кысуу жана чыгарууну камсыз кылат. Өзүңө топтолгон энергиянын эсебинен кыймылдаткычты от алдырат, автотракторду ордунан жылдырат жана күүлөнтөт, кыска мөөнөттүү чоң күчтү жеңүүнү жеңилдетет. Ар кандай маркадагы дизель жана карбюраторлуу кыймылдаткычтардын М-теринин түзүлүшү бирдей. Алар бири-биринен өлчөмү, формасы жана массасы менен гана айрымаланат.