МАУНТБЕТТЕН ПЛАНЫ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(2 intermediate revisions by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАУНТБЕТТЕН ПЛАНЫ - Индиянын көз ка­рандысыздыгы жөнүндө мыйзам; Индияны эки мамлекетке бөлүү жана аларга доминион укугун берүү жөнүндө Улуу Британия өкмөтүнүн 1947-жылы 3-июндагы декларациясы. Ага ылайык Индия 1947-жылы көз карандысыздыкка жетишип, диний көз караштагы жамааттардын принцибинде 2 мамлекетке - индустардын Хиндустан жана му­сулмандардын Пакистан мамлекетине бөлүнгөн. Бул эки мамлекет 1947-жылы 15-августта доминион болуп жарыяланган. М. п-н Индиянын вице­королу Л. Маунтбеттен жүзөгө ашырган. Бри­тандык Индиянын Индия Союзуна жана Пакис­танга бөлүнүшү аяктаган. М. п-н Улуу Брита­ниянын королу Индиянын көз карандысызды­гынын мыйзамы катары бекиткен.