МАТРИЦА (полиграфия): нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАТРИЦА, сан калып, полиграфияд а - 1) куюу формасынын оюңку тамга же белги түшүрүлгөн алмаштырылма элементи. Тамга менен белгиден басмаканалык литера же тамгалуу сап куюп алынат. М. - кууш грандарынын бирине ныкталып же оюп тамга же белги түшүрүлгөн келки металл. Ал чуңкур менен оюктарга эриген куйма толтурулуп, кайра чыгарганда бир жак учунда өйдө чыгып турган тамгалуу литера же сап пайда болот. Кандай типтеги машинада колдонула тургандыгына жараша М. шрифт куюлма, сап куюлма жана тамга куюлма болуп айырмаланат. Шрифт куюлма М. - бир тамганын же бир белгинин оюп жасалган түспөлү түшүрүлгөн келки болот. Бул кол менен терүүдө пайдаланыла турган бир шрифтин бардык литерасын куюп алууга мүмкүндүк берет. Сап куюлма машинанын (к. Монотип) үкөктө сакталган айрым М-ларынан сап түзүлүп, куюу формасына коюлат да, ага эриген металл куюлганда туташ сап. алынат. Тамга куюлма машинадагы (к. Линотип) М-лар өзүнчө алкакка сакталат; 2) рельефтүү (дөмпөк) басма формасынан ийилген материалга (картонго, пластмассага ж. б.) терең ныкталып түшүрүлгөн оттиск. Анын бетине эриген металл куюлганда басма формасынын стереотип көчүрмөсү алынат.