МАТИСАК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАТИСАК Акбай уулу (1877, азыркы Ош обл., Ноокат району, Жар-Коргон айылы - өлгөн жылы белгисиз) - манасчы. М-тын «Манасы» төмөнкүдөй окуялардан турат: Манастын балалык чагы, Манастын Көкчө менен урушу жана Каныкейге үйлөнүшү. Манасчынын «Манас» эпосунун сюжеттик сызыгында үйлөнүү салты көрүнүктүү орунду ээлейт. «Манастын Каныкейге үйлөнүшү» эпизоду баатырдык үйлөнүү салтынын (биринчи тибинде эпикалык баатырлар мифол. кейипкерлердин кыздарына үйлөнүшсө, экинчи биринде талапкер баатыр кыздын өзү менен жекеме-жеке кармашып жеңип үйлөнгөн. Же кайын атасынын татаал тапшырмаларын аткарып үйлөнгөн) стадиялык өнүгүшүнүн кийинки тибине тиешелүү эпикалык башкы баатырдын куда түшүү жолу менен калың берип үйлөнүү каада-салтынын көрүнүшү кыскача чагылдырылган. Жыйноочу К. Мифтаков тарабынан М-тын айтуусу боюнча жазылып алынган «Манас» варианты КР УИАнын Кол жазмалар фондусунда сакталып турат.