МАТЕРИКТЕР ДРЕЙФИ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска

МАТЕРИКТЕР ДРЕЙФИ - материктердин гори­зонтал багытта өтө жай (жылына бир смге че­йин) болжолдуу жылышы. 1620-жылы англис Ф. Бекон Африка материгинин батыш жээкте­рин Түштүк Американын чыгыш жээктери менен са­лыштырып, окшоштугун көргөн. 1658-жылы фран­цуз Ф. Пласе аны «топон суу» жүргөндө бөлүнүп кеткен деп ойлогон. 1877-жылы С. В. Быханов ма­териктер бир орундан козголуп, жылып кеткен деп көрсөткөн. 1912-жылы немис Ф. Вегенер мате­риктердин жылып жүрүшүн илимий жол менен далил­депчыккан. 1915-жылы «Материктер менен океан­дардын пайда болушу жөнүндө» деген китеби жарык көргөн. Анда эки жээктин географиялык, геол. түзүлүштөрүнүн окшоштугу, бир кезде экөө бир материк болгондугу айтылган. Өсүмдүктөрү менен жаныбарларынын бирдейлиги аныкталган. Ве­генердин ою боюнча адегенде жер бетинде «Пан­геа» деген бир эле суперматерик болгон. Аны «Панталасс» океаны курчап жаткан. Пангеа базальт катмарынын үстүндө калкыган. Палео­зой, мезозой замандарында тектоникалык процесстен терең жарылып, бир нече бөлүккө бөлүнгөн. Триас мезгилинде Гондвана жана Лавразия мате­риктерине айланган. Андан кийин бул эки зор материк терең жарылып, ар бир бөлүгү өз ал­дынча базальт катмарынын үстү менен туш-тарап­ка жыла баштаган. Алардан азыркы материк­тер пайда болгон.