МАТЕРИК: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 20:13 учурдагы соңку нуска
МАТЕРЙК, континент - жер кыртышынын эң ири массиви; анын көпчүлүк бөлүгү Дүйнөлүк океандын денгээлинен жогору, четжакалары андан төмөн жатат. Материкке калыңдыгы 35-70 км келген жер кыртышынын континенттик түзүлүшү жана анда гранит-метаморфизм тоо тек катмарынын болушу мүнөздүү.
Азыркы геол. доордо 6 материк бар. Алар: Евразия, Түндүк Америка, Түшпгүк Америка, Африка.Австралия жана Антарктида (к. Жер, Дүйнө бөлүктөрү). М-тин үлүшүнө кургактыктын 94% и жана жер бетинин 29% и туура келет. М. аралдан ээлеген аянты боюнча айырмаланат. Эң кичине Австралия материги дүйнөдөгү эң чоң Гренландия а-нан (2-Жаңы Гвинеядан) 10 эсе чоң.
М-ке калың жер кыртышы мүнөздүү (орт. калыңдыгы 35-40 км жана литосферасы 200- 300 кмден ашык). Анын курамы өзгөчө үстүнкү бетиндеги тектер ашыкча кремнезёмдуу гранит, гнейстен турат.