МАТЕМАТИКАЛЫК КҮТҮҮ: нускалардын айырмасы
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАТЕМАТИКАЛЫК КҮТҮҮ, орточо маан и - ыктымалдык теориясындагы түшүнүк; X кокус чоңдугунун маанилеринин бөлүнүшүнүн негизги мүнөздөмөлөрүнүн бири. Жөнөкөй учурда X чондугу ыктымалдыгы P1, P2, ..., Pn болгон хр хг, ..., хп чектүү сандагы маанилерди алышы мүмкүн, анда X чоңдугунун М. к-сү деп, ЕХ= =х1Р1+ хгРг+...+ ХПРП туюнтмасы аталат. М. к-нүн жардамы менен бөлүштүрүүнүн көптөгөн сандык жана функционалдык мүнөздөмөлөрү аныкталат. М. к. түшүнүгү 18-к-да кумар (азарттык) оюндар теориясына байланыштуу пайда болгон. М. к. түшүнүгүн азыркы мезгилдеги маанисинде жалпылоого жана пайдаланууга орус математиги П. Л. Чебышев чоң салым кошкон.