МАТЕМАТИКАЛЫК ИНДУКЦИЯ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАТЕМАТИКАЛЫК ИНДУКЦИЯ - математикалык сүйлөмдөрдү далилдөө ыкмасы; п. үчүн туура болсо, п+1 үчүн да туура болот деген ырастоого негизделген бардык п натуралдык сандар үчүн А (п) сүйлөмүнүн кандайдыр касиеттерин математикалык далилдөөчү жана аныктоочу жалпы ыкма. Ал М. и. аксиомасына (принцибине) негизделет. Мисалы, биринчи мүчөсү а, айырмасы й бблгон арифметикалык прогрессиянын а„ мүчөсү: а^арҢп-Б^ (*) формуласы менен туюнтуларын далилдөө керек. п=1 үчүн (*) туура, анткени a1 = a1. Эми (*) формуласы п=к үчүн туура болсун дейли, башкача айтканда а = =ар+(к-1)<1. Анда аА+1=а,+й=а1+(й-1)й+с/= =ах+к<1. Демек (*) формуласы п=к+1 натуралдык саны үчүн да туура, анткени п=к+1 десек, формуладан ak+1 = a1 + kd келип чыгат. М. и. аксиомасы боюнча (*) формуласы каалагандай натуралдык сан үчүн туура. М. и. арифметикалык жана геометриялык прогрессиялардын суммаларынын каалагандай мүчөлөрүн эсептөөчү формулалар, Ньютон биному жана комбинаторика формулалары, натуралдык сандардын бирдей даражаларынын суммалары сыяктуу кээ бир маанилүү теоремаларды далилдөө үчүн да колдонулат.