МАТАЕВ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАТАЕВ Жусуп (21. 2. 1956-жылы туулган, Жалал-Абад обл., Токтогул району, Кызыл-Өзгөрүш айылы) - живописчи, графикчи жана портретчи, Кыргызстан сүрөтчүлөр союзунун мүчөсү (1992), КРдин мамлекеттик
туусунун авторлорунун бири. 2004-жылы И. Арабаев атындагы КМПУну бүткөн. 1978-84-жылы Кыргыз ССРинин мамлекеттик сүрөт фондусунда, 1984-92-жылы Нарын обл-ндагы ушул эле фондунун филиалында көркөм жасалгалоочу болуп иштеген. 1992-жылдан өз алдынча чыгармачылыкта. 2011- жылдан КЭРдин Үрүмчү шаарындагы «ҮЕМА» компаниясында сүрөтчү болуп эмгектенет. 1980-жылдан респ. жана эл аралык

көргөзмөлөрдүн катышуучусу. 2008-жылы Г. Айтиев атындагы Кыргыз мамлекеттик сүрөт музейинде, 2012-жылы Үрүмчү шаарындагы Санат университетинде жеке көргөзмөсү өткөн. 0. эле КМШ өлкөлөрүндө, Германия, Австрия, Австралия, Япония, Италия, Франция, Корея ж. б. чет өлкөлөрдөгү көргөзмөлөргө катышкан. Эмгектери Кыргыз мамлекеттик Г. Айтиев атындагы сүрөт, Кыргыз мамлекеттик тарых жана Нарын обл. Край таануу
музейлеринде сакталып турат («Т. Сатылганов», «Композитор Ж. Шералиев», «Б. Бейшеналиев», «Байбиче», «Кыз куумай» ж. б.). Эл аралык «Руханият» сыйлыгы лауреаты. Даңк медалы менен сыйланган.
Чыг.: Жусуп Матаев. Живопись и графика/Каталог произведений. Б., 2008.