МАСТРОЯННИ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (6 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАСТРОЯННИ Марчелло (Марчелло Винченцо Доменико) [28. 9. 1924 (23), Лоцио обл., Фрозиноне провинциясы, Фонтана-Лири - 19. 12. 1996, Париж] - итал. актёр. 1947-жылы Римдеги университет театрында актёр, 1940-50-жылы Л. Висконтинин труппасында иштеген. Киного 1947-жылдан тартылган. Соңку жана «күлгүн» неореализм мезгилиндеги фильмдерге жана Висконтинин фильмдеринде (Кыялкеч, «Буурул түндөр»; Мерсо, «Бейтаныш») башкы ролдорду ойноп атагы чыккан. М. драмалык жана комедиялык да ролдорду бирдей аткарган. С. Лорен менен актёрдук
дуэти дүйнөлүк кино өнөрүндө үлгү катары таанылган («Кечөө, бүгүн, эртең», «Итальянча никелешүү», «Күн карамалар» - В. Де Сики). Кинодо 150дөн ашык роль аткарып, улуттук мүнөздөрдүн галереясын түзгөн. 1970-80-жылдарда Э. Скола («Ич

күйдүлүк азабы», Канндагы ЭКФ сыйлыгы; «Саат канча болду?», Венециядагы ЭКФ сыйлыгы ж. б.), М. Феррери («Ак аялга тийбе», «Пьеранын таржымалы» ж. б.), Болоньин («Жакшынакай Антонио»), Л. Кавани («Тери» ж. б.), Н. С. Михалков («Кара көздөр», Канндагы ЭКФ сыйлыгы) ж. б. режиссёрлордун фильмдерине тартылган. Венециядагы ЭКФтин «Кинематогр. карьерасы үчүн» сыйлыгы арзыган (1990).
Ад.: Бьяджи Э. Красивая жизнь: М. Мастроянни рассказывает. М., 2007.