МАССОН: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССОН Михаил Евгеньевич [21. 11 (3. 12). 1897, Санкт-Петербург - 2. 11. 1986, Ташкент, сөөгү Домбрабад көрустөнүнө коюлган] - чыгыш таануучу, тарыхчы, археолог, нумизмат. Археология доктору (1936), профессор (1945). Өзбек ССРи (1944), Туркмөн ССРинин (1950) илимге эмг. сиң. ишмери. Түркмөн ССР ИАнын академиги (1951). 1916-жылы Самарканд эркектер гимназиясын бүтүргөн соң, Түштүк-Батыш фронтто аскердик кызмат өтөгөн. Жарандык согуш жылдарында Жумушчу жана солдат депутаттарынын Советине мүчөлүккө шайланган (1917). 1918-жылы Самаркандга кайтып келген. 1919-23-жылы Искусство жана эстеликтерди коргоо боюнча Самарканд комитетинде археол. секциянын жана жергиликтүү музейдин башчысы, 1924-жылы Ташкентке которулуп, Орто Азия башкы музейинин бөлүм башчысы, Искусство, тарыхый эстеликтерди коргоо жана музей
иштери боюнча комитеттин мүчөсү. Ушул мезгилде Түркстан чыгыш университетинин курсунан окуп, О. Азиядагы (анын ичинде Кыргызстандагы Өзгөн, Манас күмбөздөрү, Бурана мунарасы ж. б.) археол. казууларга жана изилдөөлөргө катышкан. 1929-36-жылы Өзбекстан геолог. комитетине караштуу тоо иштеринин көп кылымдык тарыхы менен алектенип, геол. китепкана ачкан. Ошол эле мезгилде Искусство, тарыхый эстеликтерди коргоо жана музей иштери боюнча Өзбекстан комитетинин археол. секторунун, 1936-66-жылы Ташкенттеги 0. Азия мамлекеттик университетинин (САГУ) археология кафедрасынын башчысы, 1940-жылдан профессор болуп иштеген. М. 1936-39-жылы Термез, 1946-жылы Түштүк Түркмөнстан, 1963-жылы Кеш ж. б. көптөгөн археол. жана археол.- топогр. экспедицияларды жетектеген. 400дөй илимий эмгектин автору, анын редакциясы астында ЗОдай монография жана илимий эмгектер жыйнагы басмадан жарык көргөн. Эмгек Кызыл Туу ордени менен сыйланган.
Эмг.: Гумбез Манаса. М., 1950 (с Г. А. Пугаченковой); История Афганистана. С древнейших времен до XVI в. М., 1964 (с В. М. Массоном и В. А. Ромодином).