МАССАНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
vol5_>KadyrM
No edit summary
 
м (1 версия)
 
(6 intermediate revisions by 2 users not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАССАНЫН САКТАЛУУ ЗАКОНУ — химиялык реак­цияга катышкан заттардын массасы реакция­нын натыйжасында пайда болгон продуктулар­дын массасына барабар экендигин көрсөткөн закон. М. В. Ломоносов ачкан (1756). Бул за­кон химиялык реакциянын жүрүшүндө реакцияга кирген атомдордун саны өзгөрбөйт деген жал­пы эрежеге негизделген. Мисалы, суунун 1 молу­нун массасы 18 гга барабар. Эгерде аны ажы­ратсак, ал 2 г суутек жана 16 г кычкылтек­ке ажырайт, башкача айтканда 1 молъ Н2О ->1 моль Н2 + + 1/2 молъ О2 же 18 г Н2О—>2 г Н2+16 г О2. Бул закон биринчилерден болуп ачылган химиянын фундаменталдык закону болуп эсептелет.