МАССАЛЫК САЯСИЙ АКЦИЯЛАР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАССАЛЫК САЯСИЙ АКЦИЯЛАР - көпчүлүк (эмгек коллективи, коомдук уюм, жарандар тобу) аркылуу көчө-аянттарда, калктуу жерлер­де өз оюн же нааразылыгын колдой турганын ачык же жабык билдирүүгө арналган аракет­тер. М. с. а-дын негизги түрлөрүнө: митинг (бий­лик, болбосо тигил же бул коомдун иш-араке­ти, коомдук-саясий жашоодогу окуяларга ка­рата өз мамилесин билдирүү үчүн жарандардын массалык чогулушу); демонстрация (адамдар то­бунун коомчулуктун көңүлүн ачыкка чыгаруу үчүн ураан, плакат ж. б. көрсөтмө каражатта­рын пайдаланып чыгуусу); жүрүш (бул же ти­гил коомдук маселелерге көңүл бурдуруу макса­тында уюшулган адамдардын массалык кыймы­лы); пикеттер (өз көз караштарын билдирүү же коомчулуктун көңүлүн кандайдыр бир маселеге буруу үчүн жасалган аракеттер) кирет. Көптөгөн демокр. өлкөлөрдө (мисалы, Европа Союзу же АКШ) М. с. а-ды өткөрүүнүн алдында жергиликтүү бий­ликке билдирип коюу гана жетиштүү болсо, кээ бир мамлекеттерде (мисалы, Казакстан, Россия ж. б.) алдын ала уруксат алуу каралган. 2010-жылы кабыл алынган Конституция боюнча Кыргызстанда да М. с. а-ды өткөрүү үчүн жергиликтүү бий­ликке алдын ала билдирип коюу жетиштүү экени белгиленген. М. с. а. учурунда мамлекеттик жана коомдук уюмдар, кызмат адамдары жана жарандардын ага тоскоолдук кылууга акысы жок.