МАССАЛЫК МАДАНИЯТ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССАЛЫК МАДАНИЯТ — индустриялык жактан өнүккөн коомдун шартында кеңири тараган массалык коммуникация каражаттары аркылуу калктын калың катмарларынын талаптарын канааттандырууга багытталган, азыркы коомдогу эң таасирдүү маданияттын бир түрү. М. м. тутумдаш топтун элитардык маданияты жана элдик маданияттын («жогоркулардын» маданиятын жана «төмөнкүлөрдүн» маданиятын) жарыш жашаган салттык коомдордун индустриялык жана менталдык негиздердин акырындап бузулушу менен коштолгон модернизация процессинин негизинде пайда болгон. Глобалдык М. м-тын элементтери ар кандай региондорго улуттук маданияттар менен, кээде алардын элементтерин ийгиликтүү кошуп алуу менен чырмалышат. Басма сөз, басма продукция, радио, кинематограф, телекөрсөтүү, ошондой эле. компьютердик тармактар (сеттер), коммуникациянын ж. б. эң жаңы каражаттары анын негизги таратуучу каналдары болуп калды. М. м-ттын келип чыгышы калктын жалпы сабаттуу болгондугуна байланыштуу, бирок бүгүнкү коомдо «китеп» маданиятынын, тексттер жана түшүнүктөр формасында берилген маалыматтын үлүшү электрондук-виртуалдык жана аудиовизуалдык каражаттардын жардамы менен берилүүчү «мультимедиалык» маданияттын, образдуу информациянын эсебинен акырындык менен азая берет. М. м-ты атайын аппарат, башкача айтканда изилдөө, долборлоо, пропагандалоо иштерин уюштуруучу жогорку классификациялуу адистер жайылтат. Анын үлгүлөрү нукура маданий байлыктарга кошула албайт, алар карапайым калктын аң-сезимин тумандатууга, өз алдынча ойлонушуна мүмкүнчүлүк бербөөгө кызмат кылат.
Ад.: Семенов В. А. Массовая культура в современном мире. СПб., 1991; Костина А. В. Массовая культура феномен постиндустриального общества. 5-е изд. М., 2010. Т. Эсенгелдиев.