МАССАЖ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (4 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССАЖ, (фр. тазза&е - ушалоо, укалоо), у к а л о о - дарылоо максатында атайын ыкма менен денеге же кандайдыр бир органга механикалык таасир этүү. М. лимфа, кан, ткань арасындагы суюктуктун айланышын күчөтөт, зат алмашууну жакшыртат. Теринин ийкемдүүлүгү, температурага жана механикалык таасирге туруктуулугу жогорулайт, булчуңдардын жыйрылуу функциясы, тонусу оңолот, байламталардын кыймылы күчөйт. М. жүрөк-кан тамыр системасынын ишин жакшыртат, капиллярлар кеңейип, ткандардын кан менен камсыздалышы жакшырат, артерия жана вена канынын жүрүшүн жеңилдетет. Организмдин жалпы абалы оңолуп, аз чарчайт. М. жалпы (бүт дене укаланат) жана чектелген (дененин бир бөлүгү укаланат) болуп бөлүнөт. Ал кол менен, кээде аспаптар менен да жасалат. Жүрөк М-ы жүрөк токтоп калганда кишини тирилтүү ыкмасы болуп эсептелет. Операция убагында ачык жүрөккө түздөн-түз ыргактуу кысуу жасалып же биринчи жардам көрсөтүү максатында жүрөкту ыргактуу басуу менен жүргүзүлөт. Катуу кармаган сезгенүү процесстеринде, кан ооруларында, тромбофлебитте, ириңдүү процесстерде, тери ооруларында, туберкулёз кучөгөндө, зыяндуу шишикте М. жасалбайт. М-дын дарылоочу, спорттук, гигиеналык жана косметикалык түрлөрү бар. Дарылоочу М. таяныч-кыймыл аппаратын, муун ооруларын, травмасын, куяңды ж. б. комплекстүу дарылоодо, ошондой эле жүрөк-кан тамыр, дем алуу, нерв системасынын ооруларында, зат алмашуу бузулганда ж. б. учурларда колдонулат. Спорттук М. чарчоону жоготуу жана күч-кубатты калыбына келтирүу үчүн пайдаланылат. Гигиеналык М. көбүнчө эртең мененки гимнастика менен бирге жасалат. Ал организмдин тонусун, ишке жөндөмдуүлүгүн, булчуңдардын күчүн жогорулатат, чарчаган организмди тез калыбына келтирет.