МАССАГЕТТЕР: нускалардын айырмасы

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү
м (1 версия)
м (1 версия)
 
(One intermediate revision by the same user not shown)
(Айырма жок)

1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска

МАССАГЕТТЕР (байыркы грек тилинде Маосгаүётш , латынча Мазза^е/ае) — Каспий жана Арал деңиздеринин боюнда жашаган көчмөн уруулар­дын грек, рим авторлору тарабынан аталышы. М-дин археол. эстеликтери сактардыкынан эч айырмаланбай, аларды ажыратууда көп кы­йынчылыктар туулгандыктан, кийинки оку­муштуулар «сак-массагет маданий катмары» деген терминди киргизген. Ошондуктан М-дин аталышы тууралуу бирдей көз караш жок. Стра­бонго таянган чыгыш таануучулар Томашек менен Маркварт аларды авеста тилиндеги «тазуо» («балык») деген сөз аркылуу «балык менен тамактангандар» («тазуака», көптүк түрүндө «тазуа^а») деген түшүнүккө байланыштырган. Башка тарыхчылар боюнча «мас», «сак», «та» де­ген сөздөрдөн куралып, «чон сак (скиф) ордосу» деген этнонимди билдирген. Мындай аталуу, башкача айтканда «мазагеттер» («улуу [чоң] геттер)» байыр­кы кытай хроникасындагы «да (чоң) юечжи» деп аталган урууларга кандайдыр бир окшош­тугу бар деп эсептелет. Сыр-Дарыянын (грекче Аракс) чыгышы, исседондордун каршысы, башкача айтканда О. Азиядагы байыркы улуу державалар - Пер­сия, Согду, Парфиянын түндүгүндө жашап, биздин заманга чейинки 3-1-к-да Парфия, Кушан падышалыгы­нын түзүлүшүнө таасир тийгизген. М-дин тур­муш-тиричилиги жөнүндө маалымат негизинен Геро­доттун эмгегинде кездешип, алар согушка жөн­дөмдүү калк экендигин жазган. Күнгө сыйынып, малчылык, балык уулоо менен күн көрүшкөн. Перс державасын негиздөөчү Кир II М-дин жеринде өлтүрүлгөн (к. Томирис). Биздин замандын 3-к-нда орто азия­лык ири державалардын кулашы менен М. жөнүндө маалыматтар жолукпай калат.

Ад.: Великая степь в античных и византийских ис­точниках. Сост. А. Н. Гаркавец. А., 2005; Прокопий Кесарийский. Из «Готской войны»// Вестник древней истории. 1941. № 1. С. Наркеев.