МАССАГЕТТЕР: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССАГЕТТЕР (байыркы грек тилинде Маосгаүётш , латынча Мазза^е/ае) — Каспий жана Арал деңиздеринин боюнда жашаган көчмөн уруулардын грек, рим авторлору тарабынан аталышы. М-дин археол. эстеликтери сактардыкынан эч айырмаланбай, аларды ажыратууда көп кыйынчылыктар туулгандыктан, кийинки окумуштуулар «сак-массагет маданий катмары» деген терминди киргизген. Ошондуктан М-дин аталышы тууралуу бирдей көз караш жок. Страбонго таянган чыгыш таануучулар Томашек менен Маркварт аларды авеста тилиндеги «тазуо» («балык») деген сөз аркылуу «балык менен тамактангандар» («тазуака», көптүк түрүндө «тазуа^а») деген түшүнүккө байланыштырган. Башка тарыхчылар боюнча «мас», «сак», «та» деген сөздөрдөн куралып, «чон сак (скиф) ордосу» деген этнонимди билдирген. Мындай аталуу, башкача айтканда «мазагеттер» («улуу [чоң] геттер)» байыркы кытай хроникасындагы «да (чоң) юечжи» деп аталган урууларга кандайдыр бир окшоштугу бар деп эсептелет. Сыр-Дарыянын (грекче Аракс) чыгышы, исседондордун каршысы, башкача айтканда О. Азиядагы байыркы улуу державалар - Персия, Согду, Парфиянын түндүгүндө жашап, биздин заманга чейинки 3-1-к-да Парфия, Кушан падышалыгынын түзүлүшүнө таасир тийгизген. М-дин турмуш-тиричилиги жөнүндө маалымат негизинен Геродоттун эмгегинде кездешип, алар согушка жөндөмдүү калк экендигин жазган. Күнгө сыйынып, малчылык, балык уулоо менен күн көрүшкөн. Перс державасын негиздөөчү Кир II М-дин жеринде өлтүрүлгөн (к. Томирис). Биздин замандын 3-к-нда орто азиялык ири державалардын кулашы менен М. жөнүндө маалыматтар жолукпай калат.
Ад.: Великая степь в античных и византийских источниках. Сост. А. Н. Гаркавец. А., 2005; Прокопий Кесарийский. Из «Готской войны»// Вестник древней истории. 1941. № 1. С. Наркеев.