МАССА: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАССА (латынча гпазза - чоң кесек, тоголок, бөлүк, тилке) - материянын инерттик жана гравитациялык касиетин мүнөздөөчү физикалык чоңдук. М. түшүнүгүн механикага И. Ньютон нерсенин импульсун (кыймыл саны) аныктоодо киргизген жана импульс р, нерсенин ылдамдыгы Ога пропорциялаш: р=тх), т - пропорциялуулук коэффициенти жана нерсенин туруктуу М-сы. Демек, Ньютондун классикалык механикасындагы Р=та тендемесинен алынган. Мында М. - нерсеге аракет эткен күч Р менен анын ылдамдануусунун ортосундагы пропорциялуулук коэффициенти. Мунун негизинде аныкталган М. - инерттүүлүктүн чени жана ал инерттүү М. деп аталат. Ньютондун гравитациялык теориясында М. тартылуу талаасынын булагы болуп эсептелет (к. Ньютон закондору). Жер бетиндеги нерсеге таасир эткен гравитациялык күч (Р) анын салмагына (Р) барабар: Р=т§, т - нерсенин гравитациялык (оордук) М-сы. Оордук М. инерттүү М-га барабар. Бул жаратылыштын фундаменталдык закону жана эквиваленттүүлүк принциби деп аталат. Классикалык физикада нерсенин М-сы, ар кандай процесстерде
өзгөрбөйт. М. СГСте грамм, СИде килограмм жана микробөлүкчөлөр массанын атомдук бирдиги менен өлчөнөт. Элементардык бөлүкчөлөрдүн М-сы электрондун М-сы (me) менен айрым учурда энергиянын бирдиги менен дагы туюнтулат. Электрондун М-сы (me) 0,511 МэВге, протондуку 1836,1 т, же 938,2 МэВге барабар.