МАСЛИНА: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (5 intermediate revisions by 2 users not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАСЛИНА, а к ч е ч е к (О1еа) - өсүмдүктөрдүн ак чечектер тукумунун уруусу. М-нын бОтай түрү белгилүү. Анын 1 түрүнүн (э г и л м е М. же зайтун дарагы) чарбалык мааниси чоң. Ал - дайыма жашыл субтропик мөмө дарагы, бийиктиги 4-12 м. Жалбырагы майда, 2-3 жылда бир күбүлөт. Гүлү ак, мөмөсү данектүү, тоголок, сүйрү, салмагы 15 гга чейин, өңү көгүш же каралжын. М. кургакка байымдуу, 13-18°С суукка чыдайт, 300-400 жыл өсөт. Бир дарактан 20- 40 кг түшүм алынат. Испания, Италия, Грекияда өстүрүлөт. Анын дүйнөдө 500дөй сорту белгилүү. КМШ өлкөлөрүндөгү 80дей сорту Крымда, Закавказьеде, Түркмөнстанда, Краснодар крайында өстүрүлөт. Мөмөсүнөн консерва жасалып, зайтун майы тартылат. Майы тамак-ашка, консерва ө. ж-нда жана медицинада колдонулат. Күнжарасы - малга тоют.