МАСКАТ: нускалардын айырмасы
vol5_>KadyrM No edit summary |
м (1 версия) |
| (One intermediate revision by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАСКАТ - Оман султандыгынын борбору. Араб жарым аралынын чыгышында, Оман булуңунун жээгинде жайгашкан порт шаар (сыртка курма, жемиш, кургатылган балык чыгарат). Калкы 734,7 миң (2010; агломерациясы менен 1,2 миллион). Эл аралык аэропорту бар. Кербен жол тоому. Түштүк-Батыш Азиянын соода борбору. Биздин заманга чейинки 4-3-к-да эле калк отурукташа баштаган. 9-кдын аягынан 12-к-дын ортосуна чейин араб Аббасиддер династиясы башкарып келген. 16-к-дын
башына чейин имам бийлиги бекем орногон. 1970-жылы Улуу Британиянын колдоосу менен Оманда мамлекеттик төңкөрүш болгон. Мунун негизинде Оман менен Маскаттын аймагы бириктирилип, М. борбор болуп жарыяланган. М. батышынан жана түштүгүнөн дубалдар менен курчалган. Чыгышы менен түндүгүн Оман булуңу чулгап, аскалар менен тосулган. Бухтанын эки тарабында тең форттор жайгашкан. Шаардын эски бөлүгүндө 2-3 кабаттуу үйлөр, соодагерлердин турак-жайлары (18-19-кылым), заманбал курулуштарынан королдор госпиталы (1987), элчиликтер, аль-Алам ак сарайы (1970), банктар, отелдер бар. Шаардын экономикасында тейлөө чөйрөсү басымдуу. М. - мамлекеттик башкаруунун, ишкерликтин (Руви), транспорт-логистиканын (Матрах) борбору. М-нын агломерациясында алдынкы улуттук компаниялардын («Ре1го1еит Бе^е1ортеп1 Отан» нефть-газ өндүрүүчү, «0тап1е1» телекоммуникация) штаб-квартиралары, банктар жайгашкан. М-та 1994-жылы Израилдин соода өкүлчүлүгү ачылган. М. деңиз илимий из. балыкчылыктын ири жана Омандын нефть-газ көргөзмөсүнүн борбору. Университеттер, институттар, эл аралык коллеж, калк китепканасы, архивдер, музейлер, галереялар ж. б. бар. Кустардык промысел (металл жана жыгач буюмдар), кол өнөрчүлүк (килем токуу, алтын менен күмүштөн зер буюмдарды жасоо) өнүккөн.
