МАСАНЧИ: нускалардын айырмасы
м (1 версия) |
м (1 версия) |
| (2 intermediate revisions by the same user not shown) | |
(Айырма жок)
| |
1 ноябрь 2026, саат 16:02 учурдагы соңку нуска
МАСАНЧИ Магаза [14 (27). 7.1885, Пишпек уезди, Кара-Коңуз (азыркы Чүй району, Масанчи) кыш. - 1938] - Орто Азия жана Казакстанда Совет бийлигин орнотуу жана чыңдоого салым кошкондордон. 1908-17-жылы падыша армиясында кызмат өтөп, 1918-жылы болыпевиктер партиясына мүчө болгон. Ташкенттеги Убактылуу өкмөттү кулатууга (1917), Кокон автономиясын жоюуга (1918, февраль), Кызыл Армиянын улуттук бөлүктөрүн түзүүгө (1919-20), Ташкент, Каракол, Верныйдагы советтерге каршы козголоңдорду басууга катышкан. 1919-жылы партиянын тапшырмасы менен жергиликтүү элден батальон түзүүнү колго алган (кийин III Интернационал атындагы мусулман полку). Туркстан АССРинин Революциячыл аскер советинин чечими менен 1920-жылы түркстандык дунгандардан атчандар полкун уюштуруп, 1921-жылы Жети-Суу жана Фергана өрөөнүндөгү басмачыларды талкалоого катышкан. Ошол эле жылы Түркстан БАКтын мүчөсү болгон. Коминтерндин III конгрессинде В. И. Ленин менен жолугушкан. 1922-жылы Түркстан жаштар союзунун атынан жети-суулук комсомолдордун 3-съездине ардактуу мүчө болуп шайланган. 1932-38-жылы Өзбекстанда юстиция эл комиссарынын орун басары болуп иштеген.